ЖҮРӨКТӨН ЖҮРӨККӨ!

  • Дата
  • Категория
    Коомдук жоопкерчилик

Курамында биринчи, экинчи жана үчүнчү топтогу майып 715 адам бар Бишкек шаарынын “Майыптар коому” коомдук бирикмеси Red Petroleum АМКС тармагынан азык-түлүк түрүндө жардам алышты.
Зарыл болгон азыктар: ун, май, кант, макарондор “Майыптар коому” КБ Башкармалыгынын төрагасы Сысоенко Лариса Ивановнага берилди. Ал Red Petroleum АМКС тармагынын жетекчилигине азык-түлүктөр жана мүмкнүчүлүгүн чектелген адамдарга көңүл бурганы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал Эл аралык майыптар күнүнүн алдында көңүл буруу жана жардам көрсөтүү өзгөчө баалуу экенин белгиледи.

Ошондой эле Сысоенко Л.И. айым бардык азыктар өзүнчө азык-түлүк топтомуна бириктирилип жана алардын уюмунда каттоодо турган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга бериле турганын белгиледи.

Поделиться: