Red Petroleum автоунаага май куюучу станциялар тармагы – бул бардык 7 областта иш алып барган, Кыргызстандагы жападан жалгыз улуттук тармак. Өз ишин 1999-жылы үч АМКС жана бир мунай сактагыч менен баштап, ийгиликтүү өнүгүү жылдары тармак дээрлик 50 эсе өстү.

Биздин компаниянын негизги иши «Red Petroleum» май куюучу комплекстер тармагы аркылуу алдыңкы россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордун күйүүчү майларын дүң жана чекене сатуу болуп саналат. Биздин компания Кыргызстандын рыногуна ар кандай күйүүчү-майлоочу материалдардын 10дон ашык түрүн, анын ичинде 5 (бешинчи) класстагы европалык стандарттагы күйүүчү майды сунуштоо менен, талапты катуу койгон керектөөчүнүн дагы суроо-талаптарын канааттандырат.

Тынымсыз өркүндөп жана инновацияларды киргизүү менен, компания күйүүчү-майлоочу материалдарды кабыл алуудан, ташуудан тартып автоунаага май куюучу станцияларда сатууга чейин аны сатуунун жана өлчөнүн бардык этаптарын автоматташтырды.

2017-жылдан тартып автоунаага май куюучу станцияларда кафе зоналары менен дүкөндөр иштейт, өздүк соода маркасындагы товарлар сатылат, өзүн өзү тейлөө терминалдары орнотулган жана кардарлардын лоялдуулук системасы иштейт. Коомдун алдындагы социалдык жоопкерчиликтин деңгээлин түшүнүү менен, өнөр жай коопсуздугунун жана эмгекти коргоонун стандарттарын сактоо үчүн баарын жасайбыз, колдо бар ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга умтулабыз.

Биздин максат – өлкөнүн бардык аймактарында ар бир кыргызстандыкты сапаттуу жана жеткиликтүү күйүүчү май менен камсыздоо. Биз ийгиликтүү алдыга жылабыз, өнүгөбүз жана биздин Кардарлардын жана биздин өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн коюлган милдеттерди аткарабыз!

  • 11

    Жыл рынокто

  • 35

    Дүйнө жүзүн боюнча өнөктөш

  • #1

    Кыргызстандагы АМКС

  • 103

    Кыргызстан боюнча 103 АМКС

Социалдык жоопкерчилик

Биз өзүбүздү социалдык жоопкерчиликтүү компаниялардын бири катары көрсөтө алганыбызга кубанычтабыз. Red Petroleum компаниясында биз коомдун бир бөлүгү экенибизди түшүнөбүз жана аны колдоо үчүн баарын жасайбыз.