Биздин АМКСда сиз күйүүчү майдын төмөндөгү түрлөрүн куя аласыз:

Күйүүчү май Октан/цетан өлчөмү
АИ-95 95
АИ-92 Евро-5 92
АИ-92 92
АИ-80 80
ДМ Евро-5 50-51
ДМ 47-48

Биз төмөндөгү алдыңкы россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордун КММ жеткиребиз:
Орск МКЗ, Салават МКЗ жана Пермнефтеоргсинтез (Лукойл соода маркасы)

Бул МКЗ кандай артыкчылыктарга ээ?

  • прогрессивдүү өндүрүш технологиялары
  • ири инвестициялык долбоорлор
  • европалык сапаттагы автоунаа майларынын жогорку октандык маркаларын чыгарууну көбөйтүү
  • кайра иштетүү тереңдиктерин жогорулатуу жана кайра калыбына келбес жоготууларды төмөндөтүү

Күйүүчү май чыккан орун

«Орскнефтеоргсинтез» (Россия)

Жылына 6,6 млн. тоннадан ашык белгиленген кубаттуулугу менен мунайды кайра иштетүүчү ишкана. Завод жогорку сапаттагы, атаандашууга жөндөмдүү продукцияны өндүрөт: автобензин, дизель майы, авиакеросин, битум, мазут. Ошондой эле компания россиялык рынокто дагы, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө дагы мунай продукттарынын кеңири спектрын сатат.

“Салават МКЗ” (Башкирия)

Салават МКЗ артыкчылыгы – көмүр суутектүү чийки затты кайра иштетүүгө, мунай химиясына көңүл буруу, минералдык жер семирткичтерди өндүрүү. Бул мунайды кайра иштетүүчү заводдон күйүүчү майлар 20 жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө, анын ичинде Финляндияга, Кытайга, АКШга, Улуу Британияга, Батыш Европа, Балтика өлкөлөрүнө жеткирилет.

«Пермнефтеоргсинтез» (Россия)

Лукойл соода маркасы – мунайды дүйнөлүк казуунун 2,1%ын камсыздаган ири мунай-газ компаниясы. Бул 2007-жылдын апрелинде Financial Times британиялык гезити тарабынан түзүлгөн 100 ири дүйнөлүк соода маркаларынын тизмесине кирген эки россиялык бренддин бири. “ЛУКОЙЛ-ПЕРМЬ” ишканалар тобу көмүр суутекти издөө, чалгындоо жана казуу максатында жер казынасын пайдаланууга 87 лицензияга ээлик кылат.