ЖАКШЫЛЫК ЖАСОО!

  • Дата
  • Категория
    Коомдук жоопкерчилик

“Ариет” майып балдар үчүн күндүз болуу борборуна финансылык жардам көрсөтүлдү.

Red Petroleum АМКС тармагынын жетекчилиги Сузак районунун Таш-Булак айылында “Ариет” күндүз болуу борборунун аймагында балдар аянтчасын куруу үчүн каражат бөлдү.

“Эне Мээрими” коомдук бирикмеси Red Petroleum АМКС тармагынын жетекчилиги социалдык жоопкерчиликке көңүл бура турганын билүү менен, балдар аянтчасын куруу үчүн финансылык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Red Petroleum компаниясы бул кайрылууну көз жаздымда калтыра алган жок.

Өз кезегинде “Эне Мээрими” коомдук бирикмесинин жетекчиси А.К. Камалдиев мырза, ошондой эле өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдардын апалары балдар аянтчасын курууга акча каражатын бергени үчүн ыраазычылыгын билдиришти. Алар мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жаңы балдар аянтчасы – бул анык майрам экенин баса белгилешти. Ал эми позитивдүү эмоциялар, белгилүү болгондой, балдардын физикалык жана психикалык абалына оң таасирин тийгизет.

Ошондой эле алар Сузак районунун аймагында бул биринчи балдар аянтчасы экенин белгилешти. Демек ал башка дагы маанилүү функцияны – инклюзивдик функцияны аткарат. Башкача айтканда балдар аянтчасы дени сак балдардын өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдар менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул алардын арасындагы алыстыкты жок кылууга жардам берет. Ошентип бир жакшы иш биздин өлкөнүн көптөгөн балдарына кубаныч тартуулай алат!

Поделиться: